Эртең, 14-августта күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19...24, күндүз 31...36;
Суусамырда түнкүсүн 2...7, күндүз 22...27;
Таласта түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35;
Баткенде түнкүсүн 20...25, күндүз 33...38;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 21...26, күндүз 34...39;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27;
Нарында түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29;
Бишкекте түнкүсүн 21...23, күндүз 33...35 ысыйт.
Борбор калаада күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.