USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

АКШда лотереядан 1 миллиард доллардан ашык утуп алышты

14:45, 13 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Америкалык Powerball лотереясынын 1,04 миллиард долларлык ири утушту Иллинойс штатынан сатылып алынган билетке берилди. Бул тууралуу лотереяны уюштуруучулардын сайты билдирди.

Лотериялык билет

«Powerball тарыхындагы чоңдугу боюнча сегизинчи джекпотту Иллинойсто утуп алышты. Бул штаттан сатылган бир билетте кечээ кечинде түшкөн бардык алты сан тең келди. Алар 1,04 миллиард долларлык ири утушту алышты», — деп айтылат билдирүүдө.

Лотереянын эрежеси боюнча, джекпот өсүп туруучу үлүштөр менен төлөнөт. Адегенде жеңүүчү утуштун бир бөлүгүн алат, андан кийин дагы 29 жылдык төлөм берилет.

Эгерде ал утушту дароо алгысы келсе, анда салыктар төлөнгөнгө чейин алган жалпы суммасы 450,5 миллион долларды түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18