USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ажылык — 2027: Зыяратчыларды каттоо 25-августта башталат

12:32, 13 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 25-августта 2027-жылдагы ажылыкка жаңы ажылардын каттоо башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Каттоо саат 9.00дө башталат. Ажылыкка барууну каалагандар «Ажы» мамлекеттик санариптик системасы аркылуу eID же ID-карта менен электрондук идентификациядан өтүп, андан соң 180 миң сом өлчөмүндөгү баштапкы төлөмдү төлөшү керек.

Төлөмдү ыңгайлуу банктык тиркеме же электрондук капчык аркылуу төлөөгө болот. Бул жылы каттоо жана төлөмдөр улуттук валютада — сом менен жүргүзүлөт.

Төлөмдөрдү кабыл алуу Кыргыз Республикасына бөлүнгон квота толгонго чейин уланат. Бардык орундар толору менен система төлөмдөрдү кабыл алууну автоматтык түрдө токтотот.

Ажылардын кезеги баштапкы төлөмдү төлөгөн убактысына жараша автоматтык түрдө түзүлөт.

Катталган талапкерлер белгиленген мөөнөттө ажылык үчүн бардык документтерди чогултуп, мамлекеттик системага жүктөшү зарыл.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18