USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча артка кайтарылды

11:42, 13 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Өзбекстандан келаткан 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз «Кызыл-Кыя автожолу» фитосанитардык текшерүү постунан артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында милдеттүү маркировка жок экендиги аныкталган.

Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча артка кайтарылды

Карантин алдындагы продукцияны маркировкасыз алып кирүү Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу жүк импорттоочу өлкөгө кайра кайтарылды.

Белгиленгендей, мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана карантиндик талаптардын сакталышын көзөмөлдөө иштери мындан ары да улантылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18