USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте кудукка түшүп кеткен жаран куткарылды

10:05, 13 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте куткаруучулар эркек кишини канализациялык кудуктан алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Окуя 12-августта Чүй проспектиндеги үйлөрдүн биринин жанында орун алган. Жерине борбордук ӨКМ башкармалыгынан беш куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар атайын альпинисттик жабдуулардын жардамы менен жаранды канализациялык кудуктан коопсуз чыгарып, Ички иштер органдарынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жарандын абалы канааттандырарлык. Медициналык жардамга муктаждык болгон эмес.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18