USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Күз-кышка даярдык: Баткенде көмүр сатуучу 68 түйүн ачылат

09:05, 13 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иштер күчөтүлүп, иш-чаралар планы бекитилди.

Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында калкты көмүр менен камсыз кылуу, түйүндөрдү ачуу, баасын туруктуу кармоо, ошондой эле электр жарыгы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Маалыматка ылайык, облустагы 431 билим берүү мекемесине 17 405 тонна кара алтын керектелет. Учурда сатып алуу боюнча келишимдер түзүлүүдө.

Саламаттык сактоо тармагындагы 257 мекемеге 3 038,4 тонна көмүр талап кылынат. Бул багытта тендерлер өткөрүлүп, келишимдер түзүлгөн. Учурда 80 тонна көмүр жеткирилди.

Ал эми калкты камсыз кылуу үчүн жалпы 101 миң тонна кара алтын керектелет. Район жана шаарларда көмүр сатуу боюнча 68 түйүн уюштурулуп, анын 21и муниципалдык экени айтылды.

Күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшү облустук штаб тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөрү белгиленди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18