Көчмөндөр оюндарына даярдык жана өткөрүү боюнча жыйын өттү
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.
Улан Маматканов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык акыркы жана эң жооптуу этапга киргенин белгиледи. Ал оюндарды өткөрүүнүн жогорку уюштуруучулук деңгээлин камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жыйында эл аралык иш-чаранын жалпы программасы, маданий, спорттук жана илимий программалар, ошондой эле оюндарды жабуу салтанатынын концепциясы каралды.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга даярдык иш-чараларын аяктоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.




