Криштиану Роналду Джорджина Родригеске расмий түрдө баш кошушту
Португалиялык футболчу Криштиану Роналду жана анын сүйүктүүсү, модель Жорджина Родригес расмий түрдө үйлөндү. Бул тууралуу эл аралык спорт басылмалары жазып чыкты.
Роналду үйлөнгөнүн социалдык тармактарда нике шакектери тартылган сүрөттү жарыялоо менен билдирди.
«C❤️G», — деп кыскача билдирүү калтырган футболчу.

Роналду менен Родригестин мамиле курганына он жыл болду. Алар 2016-жылы Мадридде таанышкан. Футболчу сүйүктүүсүнүн колун 2025-жылы сураган.
Бүгүнкү күндө түгөйлөр беш баланы тарбиялап жатышат.
Буга чейин ЖМКларда Криштиану Роналду менен Джорджина Родригес үйлөнүү тоюн Мадейрада өткөрүшөрү кабарланган.