Кыргыз элинин тарыхына арналган «Барсбек каган» тарыхый көркөм тасмасы 19-сентябрдан тартып өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тасма «Каганат» аттуу беш бөлүктөн турган киноэпопеянын алгачкы бөлүгү болуп саналат. Анда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхындагы маанилүү доорлор көркөм чагылдырылган.

Долбоор Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата даярдалып, тасманы тартууда заманбап кинематографиялык ыкмалар жана жасалма интеллект технологиялары колдонулган.
Белгиленгендей, киноэпопеяны жаратууга Кыргыз улуттук «Манас» театры да чыгармачылык салым кошкон.