USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Лионель Мессинин атасы каза болду

07:45, 10 августа 2026, Бишкек - 24.kg

2022-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиону Лионель Мессинин атасы Хорхе Месси 68 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Infobae билдирди.

Футболчунун атасы чабуулчунун туулган шаары Росариодогу ооруканада көз жумду. Өмүрүнүн акыркы айларында Хорхе айыккыс дарт менен күрөшүп келген.

22-июлда Месси 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынан кийин Росариого учуп келген. ЖМКларда жарыяланган маалыматтарга караганда, футболчу атасы менен убакыт өткөрүүнү чечкен. Июнь айында Мессинин үй-бүлөсү Хорхенин ден соолугунда көйгөйлөр бар экенин ырасташкан, бирок анын диагнозу тууралуу айтып беришкен эмес.

Хорхе Месси уулунун футбол карьерасынын калыптанышында чоң роль ойногон. Лионель жаш кезинде дарыланууга муктаж болгондо, атасы анын футбол менен машыгуусун улантууга мүмкүнчүлүк издеген. Кийинчерээк Хорхе уулу менен Барселонада калып, үй-бүлөсү анын карьерасын өнүктүрүү үчүн ошол жакка көчүп барган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18