Кыргызстанга Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов келди
11:46, 31 июля 2026, Бишкек - 24.kg
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан президентинин бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.



