USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүн Чолпон-Атада Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү өтөт

08:37, 27 июля 2026, Бишкек - 24.kg

27-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Өзбекстандан 200гө жакын маданият жана искусство өкүлдөрүнөн турган чыгармачыл делегация келди.

Концерттик программаларда белгилүү артисттер, музыкалык жана бий жамааттары, анын ичинде «Навбахор» жана «Тумор» ансамблдери, Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестри катышат.

Маданият күндөрүнүн ачылыш аземи 27-июлда «Рух Ордо» маданий борборунда, ал эми жабылуу аземи 28-июлда Бостери айылындагы «Дордой Номад» аренасында өтөт.

Иш-чара кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана эки элдин достук байланыштарын бекемдөөгө багытталган.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18