Мектеп жана бала бакчалардын директорлору сынагына 1,7 миң талапкер катышат
Эртең, 25-июлда башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун бош кызмат орундарын ээлөө үчүн квалификациялык тестирлөө өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, тестирлөө бала бакчалар, мектептер жана кесиптик лицейлер үчүн бирдиктүү кадрдык резервди түзүүгө багытталган.

Квалификациялык тестирлөөнүн биринчи этабы 25-июлдан 31-июлга чейин өтөт. Тестирлөөгө катышуу үчүн талапкерлер документтерин «Мугалим» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу тапшырышкан.
Документтерди кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 2 миң 147 билдирме түшүп, анын ичинен 1 миң 729 талапкердин документи кабыл алынган. Ошол эле учурда 90 талапкердин документи четке кагылып, 328 арыз кайра иштеп чыгууга жөнөтүлгөн.
Билим берүү уюмдарынын түрлөрү боюнча түшкөн билдирмелердин саны төмөндөгүчө:
- Бала бакчаларга: 747 талапкер;
- Мектептерге: 1 миң 137 талапкер;
- Лицейлерге: 116 талапкер;
- Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарына: 147 талапкер.
Квалификациялык тестирлөөгө катышуу үчүн билдирмелерди кабыл алуунун экинчи этабы да каралганы белгиленет. Экинчи этапка катышуу үчүн арыздар 8-августтан 31-октябрга чейин кабыл алынат. Конкурстун экинчи этабы 16-ноябрдан 27-ноябрга чейин өтөт.
Конкурсту уюштурууну жана өткөрүүнү Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти ишке ашырат.