USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкектин айрым аймактарында газ берүү убактылуу токтотулат

12:04, 24 июля 2026, Бишкек - 24.kg

«Бишкекгаз» кызматы орто басымдагы жер алдындагы газ түтүктөрүн кайра туташтыруу иштерине байланыштуу 24-июлдан 28-июлга чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда табигый газ берүү убактылуу токтотулаарын кабарлады.

Чоң Чүй каналы (ЧЧК), Фучик көчөсү, Дорожная көчөсү, Юбилейная көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Пригородная көчөсү, Жаш Гвардия көчөсү, Саадаев көчөсү, Школьная көчөсү, Садовый тилкеси, Коллекторная көчөсү, Новая көчөсү, Киргизская көчөсү, Советский тилкеси.

«Бишкекгаз» кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүгө чакырат. Иштер газ менен коопсуз жана ишенимдүү камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18