USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Токтогул районунда 54 түп апийим өстүргөн жаран кармалды

12:05, 24 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда курамында баңги заттары бар өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, милицияга аталган жаран боюнча маалымат түшүп, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Тинтүү учурунда шектүүнүн короосунан 340 грамм кара-күрөң түстөгү зат жана 54 түп апийим өсүмдүгү табылган. Аталган өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 4 килограмм 120 граммды түзгөн.

 

Алынган далилдердин негизинде кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин 2-бөлүгүнө кайра квалификацияланып, шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18