USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Мектепке кабыл алуу: 1-класстарда дагы 69 миң орун бош бар

10:16, 24 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 123,7 миңден ашуун бала биринчи класска катталды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган.

Бишкекте 23,8 миңден ашык бала окууга кабыл алынды. Алардын ичинен 12,7 миңге чукул орун кыргыз тилинде окутуу жүргүзүлгөн класстарда, 11,2 миңден ашыгы орус тилинде окутуу жүргүзүлгөн класстарда ээленди.

Борбор калаада 2,5 миң орун бош турат.

2026/2027-окуу жылына карата республика боюнча квоталардын жалпы саны — 193,3 миңди түзөт. Дагы 69,6 миң орун бош.

Эске салсак, биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этап микроучасток боюнча жүргүзүлгөн, учурда каттоодон өткөн жери боюнча эмес, бош орундары калган мектептерге гана катталууга болот. Каттоо августта аяктайт. Биринчи класска 2019 жана 2020-жылы туулган балдар кабыл алынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18