USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Беларусь тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

10:19, 22 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргызстанга эки күндүк расмий сапары менен келди.

Маалымдалгандай, расмий сапар негизинен Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин алдыдагы жыйынына даярдык көрүү максатында өтүүдө. Тараптар ШКУ алкагындагы кызматташтык, жыйындын күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашмакчы.

Эскерте кетсек, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны 24-июлда өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18