USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ошто жерди мыйзамсыз ээлеп алган компанияга 100 миң сом айып салынды

16:27, 20 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Ошто «Кунь-Лунь» компаниясына жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланганы үчүн 100 миң сом айып салынды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, Жапалак айыл аймагына караштуу Өзгүр айылындагы фирма аталган калктуу конуштун башчысынын кайрылуусунан кийин текшерилген.

Текшерүү учурунда ишкана өзүнө бекитилген аймактан тышкары кошумча жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланганы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен акт, жазуу түрүндөгү эскертүү жана укук бузуу тууралуу протокол түзүлдү. ЖЧКга 100 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18