USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкектин айрым аймактарында эки күн газ өчүрүлөт

08:05, 16 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектин айрым аймактарында 15-июлдан 17-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, газдын өчүрүлүшү жер астындагы газ түтүктөрүн кайра туташтыруу иштерин жүргүзүү үчүн өчүрүлгөн.

«Буга байланыштуу көгүлтүр от Чоң Чүй каналы (БЧК), Фучик, Дорожная, Юбилейная көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Пригородная көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Саадаев, Школьная, Садовый, Коллекторная, Новая, Кыргыз, Совет кыска көчөсүлөрү менен чектешкен аймактарда болбойт», — деп айтылат маалыматта.

Ишкана абоненттерди газ өчүрүлгөн маалда энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууга чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18