USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ноокен районунда 800дөн ашык адам селдин кесепеттерин жоюуда

15:31, 15 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул иштерге 842 адам, 56 бирдик техника жана 18 мотопомпа тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кырсык болгон жерде куткаруучулар, мамлекеттик органдардын жана жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлери иштеп жатышат. Тилсиз жоонун кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Ош жана Жалал-Абад облустук бөлүмдөрүнөн, ошондой эле республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 250 куткаруучу тартылган. Алар сууну сордуруп, аймактарды сел калдыктарынан тазалоодо, ошондой эле сел өтүүчү каналдарды кеңейтип, тазалап жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев кырсык болгон аймакта жүрөт жана калыбына келтирүү иштерин көзөмөлдөөдө. Эске салсак, Ноокен районунда сел жүргөндөн кийин III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, 466 короо-жай, 76 турак үй, ошондой эле социалдык жана ишкердик инфраструктуралык объекттер суу астында калган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18