USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Нарында бугу-маралдардын коругу 82 гектарга кеңейтилди

15:05, 15 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Нарын мамлекеттик коругунун бугу-марал питомнигинин аймагына кошумча 32 гектар жер тосулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошентип питомниктин жалпы корголгон аянты 82 гектарга жетти. Учурда коруктун жалпы аянты 112 миң 363,5 гектарды түзөт.

 

Корукта сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, балыктардын 3, жерде-сууда жашоочулардын 1, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү катталган. Бул аймакта Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал, аркар-кулжа, ошондой эле бүркүт, ителги, көк жору, ак кажыр, кумай, Наумандын күйкөсү, шумкар, кичик бүркүт, чощ үкү, орок тумшук чулдук сыяктуу сейрек кездешүүчү канаттуулар байырлайт.

Ошондой эле корукта 500дөн ашык өсүмдүктүн түрү өсөт. Алардын арасында алтын тамыр, ак кодол, аркар оту, уу коргошун, мамыры, көкөмерен сыяктуу баалуу дары өсүмдүктөрү бар.

Питомникте өстүрүлгөн бугу-маралдар 2018-жылы алгачкы жолу Аксы районундагы Авлетим токой чарбасына 9 баш өлчөмүндө өткөрүлүп берилген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18