USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Быйылкы жылы 67,4 миңден ашуун наристеге «Балага сүйүнчү» берилди

13:09, 15 июля 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын 1-июлуна карата бала төрөлгөндө берилүүчү «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү 67 миң 468 балага дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган төлөмдү каржылоого 271 млн 34 миң сом багытталды.

Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 65 миң 967 балага «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү дайындалган.

Эмгек министрлиги «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү мамлекет тарабынан үй-бүлөлөрдү колдоо максатында бала төрөлгөндө берилерин жана ал мыйзамдарда белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөрүн эскертет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18