Нарын облусунун Кочкор районунда катуу жааган жамгыр жана сел каптоодон кийинки чыгымдарды эсептөө иштери уланууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, табият кырсыгы 8 миллион 260 миң сомдук зыян алып келди.
Жергиликтүү бийликтин билдиргенине караганда, Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн аймагында бир нече өзгөчө кырдаал катталган. Мындан сырткары, Көл-Үкөк жайлоосунда малчылардын бирине таандык 13 баш кой-эчки дайынсыз жоголгон.
Сары-Булак айылында сел суулары бир турак үй менен чарбалык курулушту каптаган. Комиссиянын баалоосу боюнча, үйдүн ээси 500 миң сом өлчөмүндө зыян тарткан.
Эске салсак, 1-июлдан 5-июлга чейин созулган нөшөрлөгөн жамгырдан улам Кара-Саз айылындагы жана Исакеев айылына караштуу Көл-Үкөк жайлоосундагы тогуз көпүрөнү сел агызып кеткен. Бул көпүрөлөр жайлоолорго, айдоо аянттарына жана чарбалык курулуштарга баруучу жолду камсыздап турган. Ошондой эле Семиз-Бел айылында узундугу 20-25 метр болгон сугат лотогунун бир бөлүгү жараксыз абалга келген.