USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Балыкчы — Жалал-Абад унаа жолундагы кыймыл ачылды

10:20, 15 июля 2026, Бишкек - 24.kg

14-июлда кечинде Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун 361-367-чакырымдарында үч жерден сел жүрүп, анын кесепетинен кыймылдын бир тилкеси убактылуу жабылган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жеринде Транспорт министрлигине караштуу № 31 жол-эксплуатациялык ишканасынын кызматкерлери тазалоо иштерин ыкчам жүргүзүштү.

Саат 4.00гө чейин жол кызматтары атайын техниканы тартуу менен селден жабыркаган тилкелерди толугу менен тазалап, жолду коопсуз пайдаланууга даярдашты. Саат 6.00дөн тарта аталган тилкеде унаалардын кыймылы эки тарапка тең толугу менен калыбына келтирилди.

Учурда жолдун жээгинде калган сел калдыктарын тазалоо жана жолду кеңейтүү иштери уланууда. Кырдаал тиешелүү жол кызматтарынын туруктуу көзөмөлүндө турат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18