USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Шайырбек Ташиевдин тергөө абагындагы мөөнөтү сентябрдын ортосуна чейин узартылды

14:06, 14 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү 16-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Эске салсак, УМККнын мурдагы жетекчисинин иниси «Кыргызнефтегаз» ААК боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталуучу катары өтүүдө.

Кылмыш ишинин козголушуна Салык кызматынын иликтөөсү негиз болгон. Ага ылайык, көмүскө ортомчулук схемаларды колдонуу жана чийки заттарды күмөндүү эсептен чыгаруу натыйжасында мамлекеттик ишканага 4 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген.

Шайырбек Ташиев коррупцияга шектелип 1-апрелде кармалган. Ошондон бери ал тергөө абагында кармалууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18