USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ноокен районунда сел 460тан ашык короону жана 76 үйдү каптады

10:01, 14 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, сел өткөн түнү саат 2.00 чамасында нөшөрлөгөн жаандан кийин жүргөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 466 короону суу каптаган. Суу 76 турак үйгө, үч жер төлөгө, бала бакчага жана мечитке кирген.

Ноокен районунда сел 460тан ашык короону жана 76 үйдү каптады

Мындан тышкары, төрт коомдук тамактануучу жай, беш автосервис жана эки унаа жуучу жай жабыркаган.

Учурда жеринде ыкчам штаб иштеп жатат. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдуллаев жеринде көчмө жыйын өткөрдү.

Тиешелүү кызматтарга табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуну тездетүү, тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо тапшырылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18