USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Грек-рим күрөшү: Кыргыз балбандары Венгрияда рейтингдик мелдешке катышат

09:30, 14 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командалары Венгрияда өтө турган эл аралык рейтингдик мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 16-20-июль күндөрү Будапешт шаарында өтөт.

Мелдешке өлкө намысын коргоо үчүн башкы машыктыруучу Улук Карачолоков жана улук машыктыруучу Арсен Эралиевдин жетекчилиги астында 10 балбан аттанды.

 

Курама команданын курамы:

• Жоламан Шаршенбеков (60 кг);

• Автандил Таалайбек уулу (63 кг);

• Раззак Бейшекеев (72 кг);

• Алибек Бердиев (77 кг);

• Акжол Махмудов (82 кг);

• Ырыскелди Максатбек уулу (82 кг);

• Асан Жанышев (87 кг);

• Үзүр Жусупбеков (97 кг);

• Нурболот Токтогонов (130 кг);

• Эрлан Манатбеков (130 кг).

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18