USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргыз окуучулары Колумбияда өткөн физика олимпиадасында байгелүү орун алышты

09:05, 14 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Колумбиянын Букараманга шаарында өткөн 56чы Эл аралык физика олимпиадасында Кыргызстандын курама командасы тарыхый ийгилик жаратты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, олимпиадага катышкан беш окуучунун баары сыйлыкка ээ болду. Темирхан Салиев күмүш медаль жеңип алып, Кыргызстанга акыркы 19 жылдагы алгачкы күмүш байгени тартуулады. Ошондой эле Аскар Абдиев, Айтегин Эмилбеков жана Ахмед Абылаев коло медаль тагынса, Нурбол Мырзабеков Ардак грамота менен сыйланды.

Кыргыз окуучулары Колумбияда өткөн физика олимпиадасында байгелүү орун алышты

Мындан улам Кыргызстандын эл аралык физика олимпиадаларындагы жалпы көрсөткүчү 3 күмүш, 17 коло медаль жана 27 ардак грамотага жетти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18