USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүн Бишкектин түштүк бөлүгүндө эки күнгө суу токтойт: Даректери

08:22, 14 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө 14-июль саат 09:00дөн 15-июль саат 08:00гө чейин күчүндө болот. Суу берүүнүн токтотулушу диаметри 600 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

Суу өчүрүлө турган аймактар:

  • Асанбай кичи району (Куттубаев көчөсүнөн С. Батор көчөсүнө чейин) жана Асанбай 40/1;
  • 6-кичи район толугу менен;
  • 5-кичи район (жарым-жартылай);
  • 8-кичи райондун түштүк тарабы (эскертүү: 8-кичи райондо суунун басымы төмөндөйт);
  • Ала-Арча-1, Ала-Арча-2, Ала-Арча-3, Орто-Сай-2 турак жай шаарчалары;
  • Сары-Өзөн конушу жана Француз кварталынын батыш тарабы;
  • " Газпром" мектеби.

«Суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерде өчүрүлөт. «Бишкексууканал» ишканасы тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт",—деп айтылат маалыматта

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18