USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Дүйнө чемпионаты −2026: Суперкомпьютер жеңүүчүнү аныктады

08:01, 14 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Opta аналитикалык порталы учурда футбол боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жетүүгө эң жогорку мүмкүнчүлүк Франция курама командасында деп эсептейт.

Чейрек финалдык (1/4) беттештердин жыйынтыгы боюнча, суперкомпьютер француздардын турнирдин финалында жеңишке жетишин 34 пайыздык ыктымалдык менен божомолдоодо.

Аналитикалык платформанын божомолдоруна ылайык, жеңишке жетүүгө эң чоң мүмкүнчүлүк төмөнкүчө:

  • Франция курама командасында — 33,81 пайыз,
  • Испания курама командасы — 24,16 пайыз,
  • Англия курама командасы — 21,97 пайыз,
  • Аргентина курама командасы — 20,06 пайыз

Жарым финалдык (1/2) беттештерде 14-июлда Франция менен Испания, ал эми 15-июлда Англия менен Аргентина кездешет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18