Бишкекте муниципалдык автобус тогуз жашар баланы сүзүп, каза болду. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын маалыматы боюнча, жол кырсыгы эртең мененки саат 9.00дөр чамасында Жаш Гвардия проспектиси менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Бала алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза тапкан.
Милициядан билдиришкендей, кырсык фактысы боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Автобус айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.