USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандын ЖОЖдоруна кабыл алуу өнөктүгүнүн биринчи туру башталды

13:17, 13 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 13-июлда Кыргызстанда жогорку жана орто окуу жайларына жайкы кабыл алуу өнөктүгү башталды.

«Абитуриент online» автоматташтырылган маалыматтык системасынын билдирүүсү боюнча, биринчи турдун алкагында абитуриенттерди каттоо 13-июлдан 15-июлга чейин созулат. Жалпысынан кабыл алуу өнөктүгү беш тур менен өтөт.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алуу жогорку окуу жайларына гана эмес, 11-класстын базасында тапшырып жаткан абитуриенттер үчүн коллеждерге да жүргүзүлөт.

Кесиптик лицейлерге кабыл алуу 13-июлдан 15-сентябрга чейин өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18