USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ысык-Көлдө 15 жаштагы өспүрүм чөгүп кетти

11:15, 13 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 15 жаштагы өспүрүм чөгүп кетти. Бул тууралуу облустук ИИБден билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, кырсык тууралуу билдирүү Ысык-Көл районунун ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 12-июлда түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон бала 15 жаштагы өспүрүм экени аныкталган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көл облустук ИИБ жарандарды, өзгөчө ата-энелердин, өспүрүмдөрдү суу жээгинде кароосуз калтырбоого жана көлдө эс алуу учурунда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18