USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Манас» аэропортунун жаңы кире бериши оңдоп-түзөтүүдөн кийин ачылды

10:46, 13 июля 2026, Бишкек - 24.kg

«Манас» эл аралык аэропортунун имаратынын башкы кире бериши масштабдуу реконструкциядан кийин ачылды.

Кире бериш бөлүгүн жаңылоо иштери буга чейин аэровокзал комплексин модернизациялоонун алкагында башталган. Долбоор имараттын тышкы көрүнүшүн жакшыртууну, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууну жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттырууну көздөйт.

Учурда аэровокзалдын аймагында тышкы жасалгалоо иштери аяктап жатат. Ал эми имараттын ичинде курулуш-оңдоп түзөө иштери уланууда. Реконструкция толугу менен аяктагандан кийин жаңыланган терминал аэропорттун жүргүнчүлөрү жана коноктору үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды камсыздай алат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18