USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Алты жылдан кийин Ош шаарында Кытайдын консулдугу кайрадан иштей баштайт

10:25, 13 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы консулдугу ишин кайрадан жандандырат. Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Кытайдын консулдугу белгилүү бир убакыт бою иштебей турган.

Ош шаарында Кытайдын консулдугу кайрадан иштей баштайт

«Кыргызстандын көптөгөн жарандары бизден консулдуктун ишин кайрадан жандандырууну суранышкан. Жакында мен КЭРдин жаңы консулунун иштешине ыйгарым укук берген документке кол койдум. Ал Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча иш алып барат. Эми биздин жарандар консулдук аркылуу маанилүү маселелерин чече алышат», — деп кошумчалады министр.

Эске салсак, Кытайдын консулдугу 2019-жылдан бери иштебей келген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18