USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте ШКУнун эл аралык жаштар форуму өтөт

08:34, 13 июля 2026, Бишкек - 24.kg

16-19-июль күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Жаштар кеңешинин XIX жыйыны жана туризмди өнүктүрүү боюнча III Жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаралар Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын алкагында эки масштабдуу иш-чара биригип өтөт.

Иш-чаранын башкы максаты уюмга мүчө өлкөлөрдүн жаштарынын ортосундагы достукту жана ишенимди бекемдөө, жаштар туризмин өнүктүрүү жана маданий байланыштарды чыңдоо, туризм тармагындагы инновациялык демилгелерди жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоо болуп саналат.

Ага министрлер кабинетинин жетекчилиги, ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегациялары, жаштар уюмдарынын, туристтик индустриянын, бизнестин жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышат.

Форумдун соңунда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларына жолдончу расмий кайрылуу кабыл алынат

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18