USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Дүйнө чемпионаты −2026: Бардык жарым финалисттери аныкталды

07:45, 13 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын бардык жарым финалисттери аныкталды. Башкы трофей үчүн күрөштө төрт курама команда калды — Франция, Испания, Англия жана Аргентина.

Биринчи беттеште майданга Испания менен Франция чыгат. Чемпионаттын финалына берилүүчү экинчи жолдомону Англия жана Аргентина курама командалары ат салышат.

Эске салсак, чейрек финалда Англия Норвегияны 2:1 эсебинде жеңип алган. Англиялыктар чечүүчү голду 93-мүнөттө киргизишти.

Башка чейрек финалдык беттеште Аргентина Швейцарияны утуп алды. Оюндун негизги убактысы 1:1 эсебинде аяктап, кийин аргентиналыктар 112- жана 121-мүнөттөрдө гол киргизишти.

Жарым финалда Франция Испания менен (14-июлда), ал эми Англия Аргентина менен (15-июлда) ойнойт.

Кыргызстандагы күйөрмандар үчүн эки жарым финалдык беттеш тең Бишкек убактысы боюнча саат 01:00до башталат. Биринчи оюн 15-июлда, экинчиси 16-июлда өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18