USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жашыл келечек үчүн диалог: Бишкекке 100 миң түп бак отургузулат

08:02, 13 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Экологиялык кеңештин жыйынынын жыйынтыгында борбор калаага 100 миң түп көчөт отургузуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коомдук угууларга Экологиялык кеңештин мүчөлөрү, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар Эмен сейил багын, Уркуя Салиева атындагы аянтты, Театр скверин, ИИМдин жанындагы аймакты, Панфилов паркын жана Жаш Гвардия бульварын кыдырып, жашыл аймактардын абалы менен жеринен таанышышты.

Жолугушууда бак-дарактарды багуу, коомдук жайларды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Шаар мэри көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берип, муниципалдык кызматтарга жарандардын сунуштарын иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды берди.

Андан соң катышуучулар «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын питомнигине барышты. Учурда питомникте ар кандай дарак түрлөрүнүн 93 миң көчөтү өстүрүлүп жатканы маалым болду.

Экологиялык кеңештин жыйынтыгында Бишкектин климаттык шарттарына ылайыкташкан чынар, карагач, липа жана башка дарактардын жалпы 100 миң көчөтүн отургузуу чечими кабыл алынды.

Мэриянын маалыматына ылайык, коомдук угууларда айтылган бардык сунуштар протоколго киргизилип, аларды ишке ашыруу боюнча тиешелүү шаардык кызматтар тарабынан каралат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18