Алтайда Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата Манастын эстелиги тургузулат
Алтай Республикасында Манастын эстелигин орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев социалдык тармактарда билдирди.
Анын айтымында, ал мындай демилге менен Алтай Республикасынын өкмөтүнүн төрагасы Александр Прокопьевге кайрылган. Тараптар бул идеяны колдоого алып, аны ишке ашырууну макулдашышты.

«Биз бул долбоорду Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын алкагында ишке ашырууну чечтик, анткени ал «Манас» эпосун жогору баалап, андан дем-күч алган», — деп жазды Арслан Койчиев.
Ал ошондой эле эстеликти түзүү эл аралык сынак форматында өткөрүлө турган болсо, анда Даши Намдаков жана Андрей Осташов сыяктуу азыркы замандын таланттуу скульпторлору катыша аларын белгиледи.