Пайдалуу кеңеш: Чиркей чакканы ден соолукка олуттуу коркунуч келтирет
Чиркей чакканы ден соолукка олуттуу коркунуч келтирет жана коркунучтуу паразиттерди, ошондой эле вирустук инфекцияларды жуктуруп алууга алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу NEWS.ru сайтына терапевт-дарыгер Вероника Варламова билдирди.
Мындай байланыштан кийин эң көп таралган оору Батыш Нил безгеги болуп саналат. Ал бейтаптардын аз пайызында өлүм көрсөткүчү жогору болгон оор менингитке айланып кетет. Көп кездешкен экинчи дарт — дирофиляриоз. Бул ооруда адамдын организмине курт жайгашып, кийинчерээк ал хирургиялык жол менен алынып салынат.

Курт-кумурскалар туляремия жана Калифорния энцефалитинин вирусун да ташышы мүмкүн. Алардын негизги коркунучу өз убагында диагноз коюунун татаалдыгында жатат. Чаккан жердин түсү, өлчөмү же кычышуусу сыяктуу сырткы белгилери жашыруун инфекциянын бар экендигинен кабар бербейт.
Инфекция организмдин ичинде үч күндөн үч жумага чейинки убакыттан кийин дене табынын кескин көтөрүлүшү, катуу баш оору, дененин сыздап оорушу жана лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу түрүндө көрүнөт. Тилекке каршы, чиркейлер ташуучу оорулардын көбүнө каршы натыйжалуу вакциналар жок, андыктан алдын алуу — коргонуунун бирден-бир жолу болуп саналат.