USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте 3,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды

11:32, 10 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Кара-Куурай» операциясынын алкагында 3 тонна 500 килограмм жапайы кара куурай жок кылынды.

Борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) маалыматы боюнча, курамында баңгизат бар өсүмдүктүн өскөн жерлери алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган. Кара куурай механикалык ыкма менен чабылып, андан соң өрттөлгөн.

Эске салсак, «Кара-Куурай» операциясы ИИМдин республикалык «МАК-2026» иш-чарасынын алкагында өтүп жатат. Планга ылайык, анын биринчи этабы 6-июлдан 11-июлга чейин жүргүзүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18