USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстан Казакстанга 34 куб метр жыгач материалдарын кайтарды

11:18, 10 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Өсүмдүктөрдү химизациялоо, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан Казакстандан келген 34 куб метр жыгач материалдары (пиломатериал) артка кайтарылды.

Департаменттен билдиришкендей, карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда, Казакстандан Кыргызстандын аймагына алынып келинген 34 куб метр жыгач материалдарында карантиндик фитосанитардык талаптар бузулгандыгы аныкталган.

Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү (көзөмөлдүктү) жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 3.7-пунктуна ылайык, жүк жөнөтүүчүгө кайтарылып берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18