Иранда жогорку лидер аятолла Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты аяктады
Мешхед шаарында АКШ менен Израилдин бул өлкөгө жасаган ракеталык чабуулунун алгачкы күнүндө, 28-февралда өлтүрүлгөн Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты аяктады.
Ислам режиминин миңдеген тарапкерлери Али Хаменеинин сүрөттөрүн, Ирандын желектерин жана Дональд Трамп менен Биньямин Нетаньяхуну өлтүрүүгө чакырган плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Аятолла Али Хаменеи шиит-мусулмандарынын башкы ыйык жайларынын бири — Имам Резанын мавзолейине жерге берилди.


