USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкектин «Ынтымак-2» сейил багында музыкалык кече өтөт

15:39, 09 июля 2026, Бишкек - 24.kg

11-12-июнь күндөрү «Ынтымак-2» сейил багында ачык асман алдында музыкалык кече өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрүүчүлөр үчүн белгилүү чыгармачыл жамааттардын жана таланттуу аткаруучулардын катышуусунда кызыктуу концерт тартууланат.

Белгиленгендей, бул долбоор шаардын маданий турмушун жандандыруу, улуттук искусствону жайылтуу жана үй-бүлөлүк эс алууга шарт түзүү максатында уюштурулууда.

Мэрия борбор калаанын тургундарын жана конокторун музыкалык кечелерге чакырат.

Башталышы 19:00.

Эскерте кетсек, мындай музыкалык кечелер июнь айында «Ала-Тоо» аянтында ийгиликтүү өткөн, ал эми июль айында долбоор борбор калаанын башка сейил бактарында улантылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18