USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кырчын капчыгайындагы көпүрө селден кийин калыбына келтирилди

15:31, 09 июля 2026, Бишкек - 24.kg

9-июлда Ысык-Көл районунун Григорьев капчыгайында селдин кесепетинен жараксыз абалга келген көпүрө калыбына келтирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бул көпүрө капчыгайга каттаган малчылар, жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар үчүн чоң мааниге ээ. Калыбына келтирүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Садыр Аке атындагы айыл өкмөтүнүн жана «China Road» компаниясынын техникалары менен адистери тартылган.

Эске салсак, ушул жылдын 2-июлунда Иссык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Григорьев капчыгайы аркылуу аккан Чоң-Ак-Суу дарыясында суунун деңгээли кескин көтөрүлгөн. Мунун кесепетинен дарыянын нугунда жайгашкан бешинчи көпүрө жабыркап, колдонууга жараксыз болуп калган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18