Нурдан Орунтаев: «1960-жылдардагы имараттар тарыхый баалуулукка ээ эмес»
Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда Бишкекте реновация болушу шексиз экенин жана мекеме бул боюнча программанын үстүндө иштеп жатканын билдирди. Эски объектилерди бузуу тууралуу сөз кылып жатып, ал 1960-жылдары салынган көптөгөн имараттар тарыхый баалуулукка ээ эмес деген пикирин билдирди.
Анын айтымында, кеп биринчи кезекте убакыттын өтүшү менен эскирип, адамдардын коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн болгон типтүү турак үйлөр, ооруканалар жана башка объектилер жөнүндө болуп жатат. Ошондой эле Орунтаев имараттардын фасаддарын оңдоого байланыштуу кырдаалга комментарий берди. Анын айтымында, тургундар мындай иштердин жүргүзүлүшүнө нааразычылыгын бат-баттан билдирип турушат. Ошону менен бирге ал көп батирлүү үйлөрдүн фасаддары батир ээлеринин мүлкү болуп саналаарын, андыктан аларды күтүү жана оңдоо үчүн жоопкерчилик муниципалдык бийликке эмес, биринчи кезекте тургундардын өздөрүнө жүктөлөрүн баса белгиледи.