USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Таласта 28 чакырым жаңы жол курулууда

13:28, 09 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Таласта жалпы узундугу 28 чакырымды түзгөн төрт жана эки тилкелүү жолдордун курулушу уланууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Анын айтымында, иштер Бердике Баатыр, Огонбаев, Оторбаев, Мырзалиев, Осмонкулов, Турдалиев, Шеркулов, Шамбетов, Манас, Үмөт Молдо, Мадиев жана Сатаев көчөлөрүндө жүрүп жатат.

Долбоорлорду ишке ашырууга президенттин турукташтыруу фондунан 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Эрмат Жумаев ошондой эле 2024-2025-жылдары Таласта 30 чакырым жол жана 56 чакырым тротуар курулганын белгиледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18