USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте автобустарда балдар коляскаларын ташууга акы алынбашы мүмкүн

10:37, 09 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык автобустарда балдар коляскаларын акысыз ташууну камсыз кылууну тапшырды. Алгач бул жаңылыкты бир айлык мөөнөткө пилоттук долбоор катары ишке киргизүү пландалууда.

Мэр «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын башчысы Талантбек Капаров менен жолугушуусунда учурда автобуска түшөрдө ата-энелер баланы колуна алып, колясканы бүктөп коюшу керек деген талап бар экенин эске салды. Анын айтымында, муну аткаруу дайыма эле мүмкүн боло бербейт, өзгөчө эне баласы жана жүгү менен жалгыз кетип бара жаткан учурда бул кыйынга турат.

Бишкекте автобустарда балдар коляскаларын ташууга акы алынбайт

«Эгер эне баласы менен жалгыз коляскачан кирсе, анын колясканы бүктөөгө мүмкүнчүлүгү болбой калышы мүмкүн. Бир колунда сумка, экинчи колунда бала», — деп белгиледи Айбек Жунушалиев.

Талантбек Капаров өз кезегинде мэрдин суроосуна жооп берип жатып, автобустарда күн сайын балдар коляскасы менен 200гө жакын жүрүү катталаарын билдирди. Бул айына болжол менен 6 миң жүрүүнү түзөт. Айбек Жунушалиевдин пикиринде, мындай көрсөткүч башка жүргүнчүлөргө эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт.

Мындан соң мэр балдар коляскаларын ташууну акысыз кылуу боюнча тескеме даярдоону тапшырды. Ошондой эле ал Бишкек шаардык кеңеши үчүн чечимдин долбоорун иштеп чыгууну буйруду.

Мындан сырткары, Айбек Жунушалиев айдоочуларга ата-энелер менен талашып-тартышпоо керектигин түшүндүрүүнү тапшырды. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, колясканы бүктөөнү сунушташ керек. Ал эми андай мүмкүнчүлүк жок болсо, жүргүнчүлөрдү кошумча акы албастан, коляскасы менен автобуска киргизүү зарыл.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18