USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Соң-Көлдөн 37 миң метр мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды

08:30, 09 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Соң-Көлдөн экологиялык абалды жакшыртуу жана балык ресурстарын сактоо максатында рейддер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер көлдүн акваториясын мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлордон тазалашты.

Рейддин жүрүшүндө 37 миң метр мыйзамсыз балык уулоочу тор алынган. Иш-чаралар Соң-Көл көлүнүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ресурстарды коргоого жана суу сактагычтын мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган.

Учурда Соң-Көл көлүн мыйзамсыз уулоо куралдарынан тазалоо жана анын мелиоративдик абалын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18