USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

767 миң сомдук айып пул. Ысык-Көлдөгү пансионаттарда мыйзам бузуулар аныкталды

15:34, 08 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусундагы бир катар пансионаттардын аймагында пландан тышкары текшерүүлөр жүрүп, анын жыйынтыгында ондогон мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, инспекторлор Бишкек экологиялык прокуратурасы менен биргеликте административдик укук бузуулар тууралуу 54 протокол түзүштү.

Ысык-Көлдөгү пансионаттарда мыйзам бузуулар аныкталды

Аныкталган эреже бузуулардын негизинде жалпысынан 767 миң сомдук айып пул салынды. Эс алуу жайларынын ээлерине бардык кемчиликтердин көзүн тез арада тазалоо боюнча аткарылышы милдеттүү болгон эскертүүлөр берилди.

Ведомстводон көзөмөл иш-чаралары дагы улантыларын белгилешти. Экономика министрлигинен тиешелүү макулдук алынгандан кийин, Ысык-Көл облусундагы башка эс алуу жайларында да ушундай эле пландан тышкары текшерүүлөр жүргүзүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18